Билим берүү кызматкерлери Ысык-Көлдө
2023-жылдын 19-23-июнь күндөрү Базар-Коргон районуна караштуу мектеп мугалимдеринен куралган спортчулар Ысык-Көл областынын Бостери айылында өткөн спартакиадага катышып келишти. Мугалимдер спорттун волейбол, шахмат, стритбол жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча күч сынашып, байгелүү орундарга ээ болушту.
Мугалимдер Ысык-Көл областынын Бостери айылына, спартакиадага катышып келүүгө жардам берип, колдоо көрсөткөндүгү үчүн Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетине жана Базар-Коргон райондук комитетине ыраазычылыктарын билдиришип, кесиптик бирликтин жетекчилеринин иштерине ийгиликтерди каалашты.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитетинин адиси К.Асыранкулов