Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлери спорт жаатында күч сынашууда

Баткен  шаарында  билим  берүү   кызматкерлеринин  арасында   2018-жылдын 8-майында  спартакиада өткөрүлдү.  Спартакиада Баткен шаардык спорт комитетинин  башчысы  Ж.Токсобаев, Баткен шаардык  билим берүү бөлүмүнүн башчысы  А.Ахматбеков,  билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун  Баткен шаардык комитетинин төрайымы  М.Калыковалардын    катышуусу менен  өткөрүлдү.

Спартакиада  Баткен  шаарындагы А.Имаров-Кызыл Тору   атындагы  орто мектебинин  базасында өткөрүлүп,  спорттун 4 түрү  волейбол, футбол, шахмат,  тогуз коргоол  боюнча өткөрүлдү. Спартакиадага  9 командада жалпысынан    196 профсоюз мүчөлөрү катышып, күч сынашты.    Жыйынтыгында  волейбол боюнча аялдар арасында   1-орунга  Ж.Боконбаев  атындагы орто мектеби, 2-орунга Данектай балдар бакчасы, 3-орунга  В.И.Ленин  атындагы орто мектебинин  командалары  татыктуу болушту. Ал эми мини футбол боюнча эркектер арасында  1-орунга В.И.Ленин а.о.м. командасы, 2-орунга  балдар бакчаларынын командасы, 3-орунга  С.Айтматов  атындагы орто мектебинин   командалары  татыктуу болушту.

Шахмат боюнча 1 –орунду  Ж.Боконбаев мектеби ээлесе, 2-орунду Кызыл-Жол мектеби, 3-орунду С.Айтматов орто мектеби  камсыз кылды. Жалпы командалык  эсепте  1-орунду  Ж.Боконбаев  атындагы орто мектеби  камсыз кылып, 2018-жылдагы билим берүү  кызматкерлеринин спартакиадасынын  кубогун  женип алышты.   Спартакиаданын  женүүчүлөрүнө  1-2-3-даражадагы диплом жана  акчалай сыйлыктар берилди. Билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун  Баткен шаардык комитетинин төрайымы  М.Калыкова  ар кандай  номинациялар  “Мыкты  чабуулчу”, “Мыкты коргоочу”, “Ардагер  спортчу”, “Жаш  спортчу” боюнча   баалуу  белектерди ыйгарды.  

Женүүчү болгон  мыкты  оюнчулар  билим берүү  кызматкерлеринин  спартакиадасынын  областтык туруна  катышууга  укук  алышты.