Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлери медициналык кароодон акысыз өтөт

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 9-бөлүгүндө “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлери жыл сайын милдеттүү түрдө мамлекеттик дарылоо-профилактикалык мекемелеринде амбулатордук медициналык акысыз кароосунан өтүшөт” деп көрсөтүлгөн. Бирок аталган маселе көптөн бери чечилбей, мугалимдер жеке каражаты менен медициналык кароодон өтүп келишкен.

Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан бул маселе бир нече жолу көтөрүлүп, сунуш, кайрылуулардан кийин маселе оң жагына чечилди. Бул боюнча Ноокен районунун жалпы дарыгердик борборунун буйругу чыгып, билим берүү мекемелерине жеткирилди. Эми жаңы окуу жылынан баштап билим берүү кызматкерлери акысыз медициналык кароодон өтүшөт.

 

 Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети