Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БЕЛЕК АЛГАН КАНДАЙ СОНУН, АЙРЫКЧА КИТЕП БОЛСО...

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Коллежинде 14-февраль Эл аралык китеп белек берүү күнүнө карата  “Келгиле достор китеп белек берели” аттуу тегерек стол болуп өттү.

Аталган иш чара Коллеждин жаштар комитети тарабынан студенттерди китеп окууга кызыктыруу,  инсандын калыптануусу үчүн китеп окуунун орду чоң,  мааниси терең экендигин коомчулукка жаштар аркылуу жайылтуу максатында  уюштурулду. Тегерек столдо алгач уюштуруу тобу тарабынан китептин тарыхы, анын таасирлери жана китеп жөнүндө кызыктуу маалыматтар берилип, катышуучулардын бири-бирине белек катары китеп тапшыруу саамалыгы менен коштолду.

Мында китеп тууралуу бир нече суроолордун алкагында кызыктуу талкуу жүрүп, катышуучулар өздөрү таасирленип окуган чыгармалары, баалаган акын-жазуучулары жөнүндө ой бөлүшүштү. Ошондой эле студенттер ортосунда китепти тез окуу сынагы уюштурулуп, жеңүүчү аталган катышуучулар окуу жайдын жаштар комитети жана уюштуруу тобунун белектери менен сыйланышты.  Мындан тышкары жаш акын студенттер өз калемдеринен жаралган китеп жаатында ырларын окушуп, студенттерге өзгөчө таасир калтырышты.

Тегерек столдун жыйынтыгында ОГПИнин жаштар комитетинин төрагасы Ч.Самат уулу жана Коллеждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары М.Бейшеналиев сөз сүйлөп, катышуучуларды бүгункү майрамдары менен куттуктап, китеп белекке берүү саамалыгын жайылтууга, китеп окууну жакшыртууга чакырып өтүштү.

Эскерте кетсек аталган майрам 2012-жылдын 14-февралда БУУ тарабынан,  АКШнын тургуну Эмми Бродмурддун баласынын  демилгеси менен белгиленип, ошол күндөн тарта “Эл аралык китеп белек берүү күнү” катары майрамдалып келет.

 

 

 

Материалды даярдаган

Кубаныч Жылкычы уулу