Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бейиш – эненин таманы астында

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык, Ноокен районунда 37 эне "Баатыр Эне" ордени, 6 эне "Эне Даңкы" төш белгиси менен сыйланды.

Сыйлык тапшыруу салтанаты Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында болуп өттү. Анда аким Таалайбек Ишенбеков сыйлыктар менен өзүнүн белектерин кошо тапшырды. Мамлекетибиз баатыр энелерди, көп балалуу үй-бүлөлөрдү ар дайым колдоого алып келет.

Эрежеге ылайык 7 же андан көп балдары бар жана аларды тарбиялап-өстүргөн энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйлана алышат. Ал эми 6 балалуу энелерге “Эне даңкы” ордени тапшырылат.

Ага ылайык Ноокен районундагы Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу А.Сатаров атындагы №4 орто мектебинин физика мугалими, баштапкы кесиптик уюмунун текшерүү комиссиясынын төрайымы Нуржамал Молдокаримова да "Баатыр Эне" ордени менен сыйланды.

Молдокаримова Нуржамал Эргешмаматовна 1982-жылдын 10-февралында Ноокен районунун Бүргөндү айылында төрөлгөн. Шамалдуу-Сай шаарчасындагы “Кыргызстандын 40 жылдыгы” атындагы орто мектепте билим алып, 1998-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1998-2003-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин физика адистигин аяктаган. Эмгек жолун 2004-жылы Шайдан айылындагы  “Жаңы-Турмуш” (азыркы №4 А.Сатаров) №4 орто мектебинде физика мугалими болуп баштап, бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети