Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бөбөктөр үчүн сүмөлөк

Аксы районундагы Жибек мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн жогорку тайпанын тарбиячысы Аширалиева Гүлжамал Нооруз майрамына карата кече өткөрдү. Ноорузда бышырылчу сүмөлөктүн жасалуу ыкмаларын айтты. Балдар сүмөлөк кантип бышырылат, ага кошулуучу азыктар жөнүндө түшүнүк алышты. Бөбөктөр ырдап, бийлеп көңүл ачышты.

 

Сүмөлөк Нооруз майрамынын көркү гана эмес, ал жаздын дагы тамагы. Кыргыз эли бул тамакты элди ачкачылыктан куткарган токчулуктун азыгы катары баалап келет. Сүмөлөк жасоо менен бирге аруу-тилектер айтылып, жараткандан мол түшүм, береке суралат.

Сүмөлөк бышырууга камынган адам даярдыкты 15 күн мурда баштайт. Анткени ал алгач жакшы буудайды тандап, аны өндүрүүгө бөлмө даярдайт. Андан тышкары, очок, отунун дагы камдап алганы оң.

Алгач буудайды өндүрүп алуу керек. Данды тазалап жууп, сууга чылап, эртеси тегиз кылып тактайга тизип, күн жакшы тийген жылуу бөлмөгө коесуз. Ага аз-аздан үч маал суу куюп, үстүн марли менен жаап турасыз. Ал 11 күн турат. Айтмакчы, буудай өндүрүүчү бөлмөгө кишинин көп кирбегени туура. Ага бир адам суу куюп турушу шарт.

Буудайдын көлөмү адам башына жараша. Негизи сүмөлүк бир үй-бүлө үчүн эмес, коңшу-колоң, алыс туугандарга да арналат. Андыктан, буудайды кеминде бир кило өндүрүү сунушталат.

Ооба өнгөн буудайды майдалайт. Аны марлиден өткөрүп сүзүп алат. Ага ун (бир килограм буудайдын боткосуна 3 килограмм ун кошулат) суу (бир кило буудайга 3-4 литр суу) куюп даярдап коет. Андан кийин казанга куюлат.

Казанга алгач май куюлат. Май буудайдын көлөмүнөн эки эсе көп болот. Ага алгач боорсок, же токоч бышырып алат. Андан кийин гана сүмөлөк башталат.

Негизги азыктардан сырткары, жаңгак, мейиз, өрүк, кум шекер, ырымдап таш кошуп коюшат.

Сүмөлөктү тынбай аралашытырып туруу керек. Оттун табы да күчтүрөөк жана бирдей болот. 12 саат бою кайнатылат.

Айтмакчы, эзилген буудайдын кошулмасы толугу менен казанга куюлбайт. Аны жетиге бөлүп, куюп турасыз. Аягында үстүн жаап коет. Аны дагы 10 сааттан кийин ачып, ооз тийилет. Белгилүү болгондой, алгач чыпалак менен даам сызылат.

 

Материалды даярдаган: Наргиза Тотоева