Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы кесиптик уюмдардын төрага жана төрайымдары үчүн семинар

2021-жылдын 5-март күнү  Базар-Коргон районундагы З.М.Бабур атындагы №3 гимназия мектебинде билим берүү тармагынын баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага жана төрайымдары үчүн семинар болуп өттү.

Семинардын темасы:

1. Мектептеги олимпиада, ОРТ жана мугалимдердин  аттестациясы жөнүндө маалымат.

2. Мугалимдердин айлык акысын эсептөө боюнча маалымат.

3. Кыргыз Республикасынын “Конституциясынын жаңы долбоорун” талкулоо.

Семинарга Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов, обкомдон З.Сулайманов, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Базар-Коргон  райондук комитетинин төрагасы  С.Жаркынбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Б.Айдарова, билим берүү тармагынын баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага, төрайымдары жана мектеп активистери катышышты.

 

Обкомдун  төрагасы  А.Исмаилов  семинардын катышуучуларын  "Ак калпак" күнү жана "8-март аялдардын эл аралык" майрамдары менен  куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.  Эмгек акы,  мугалим жана техкызматкерлерин  эс алдыруу  жана  аттестация  боюнча маалыматтарды, кеңештерди берди. Ошондой  эле обкомдун "Ардак  Грамотасын" тапшырды.

 

Райкомдун  төрагасы  С.Жаркынбаев "Конституциясынын жаңы долбоору", эмгек акылар боюнча  маалымат  берип,  ар түрдүү суроолорго    жооп  берди. Райкомдун  "Ардак  Грамотасын" тапшырды.

 

Семинардын жүрүшүндө тиешелүү адистер аттестация жана эмгек акынын эсептелиши боюнча маалыматтарды берди. Катышуучулар жогорудагы темалар боюнча суроо жоопторду беришип, керектүү маалыматтарды алышты жана билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелер боюнча сунуштарын беришти.

 

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов