Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Базар-Коргон шаарында спорттук иш-чара өткөрүлдү

2021-жылдын 26-мартында Базар-Коргон шаарында райондун билим берүү кызматкерлеринин “Ден соолук-2021” спорттук иш-чарасы өтүп, анда айыл өкмөттөрдүн курама командалары спорттун волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол, ордо түрлөрү боюнча 200 ашык билим берүү кызматкерлери катышышты.

Иш-чаранынын катышуучуларын райондун акими Козуев Бакыт Садыкович, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун төрагасы Исмаилов Абдукахар Арапович, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сариев Сопубек Камалович, райкомдун төрагасы Жаркынбаев Сүйүнбек Сарыевичтер куттукташып, ийгиликтер каалашты. Жеңүүчүлөрдү сыйлоого обком, райадминстрация, райБББ, райком тарабынан каражаттар бөлүнүп, колдоолор көрсөтүлдү.

 

Жыйынтыгында:

1. Волейбол боюнча: Арстанбап айыл аймагынын эркектердин, Акман айыл аймагынын аялдардын командалары;
2. Стол тенниси боюнча: Бешик-Жон айыл аймагынын эркектердин, Базар-Коргон шаарынын аялдардын командалары;
3. Шахмат боюнча: Арстанбап айыл аймагынын эркектердин, Базар-Коргон шаарынын аялдардын командалары;
4. Тогуз коргоол боюнча: Сейдикум айыл аймагынын эркектердин, Кеңеш айыл аймагынын аялдардын командалары;
5. Ордо боюнча Акман айыл аймагынын командасы жеңүүлөр болушуп, дипмломдор жана акчалай сыйланышты.

 

Базар-Коргондук билим берүү кызматкерлеринин атынан райБББнун башчысы С.К.Сариев обкомдун төрагасы А.Исмаиловко спортчуларды колдоп, дем бергендиги үчүн ыраазылыктарын билдирип, профсоюздук иштерге ийгиликтер каалады.

 

 

Материалды даярдаган: Обкомдун инспектору-А.Айдаров.