Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Базар-Коргон районундагы мектептерде авган согушунун катышуучу мугалимдери үчүн иш-чаралар өткөрүлдү

1989-жылы 15-февралда советтик аскерлер Ооганстандын аймагынан толугу менен чыгарылган. Быйыл  32 жыл болду.

2021-жылдын 15-февраль күнү  Базар-Коргон районундагы билим берүүчү уюмдарында  авган согушунун  катышуучуларынын күнүнө карата иш-чаралар болуп өттү.

Мектептерде иш чараны баштапкы профсоюз уюмдардын төрайымдары, атап кетсек Н.Мамадалиева, Д.Сарманова,  Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин иштелип чыккан буйругунун негизинде уюштурулду.

 

Мектептерде иш-чарага мектеп жаматтары, окуучулар, меймандар  жана  авган согушунун ардагерлери катышты. Иш-чарада Ооган согушунун тарыхы боюнча кенен айтылып, согушта курман болгон жоокерлер эскерилди. Окучулар ардагерлерди куттуктап, чакан концерттерди коюшту. Ардагерлер, окуучулар жана келген меймандар өлкөбүздө тынчтыкты каалашып, келечекте мамлекетибиз өнүгүп, өсүшүнө үмүттөрүн  билдиришти.

2020-жылы эки  мүчөбүздү,  авган согушунун катышуучуларын Жалал-Абад санаториясына жөнөтүлгөн. Быйыл дагы,  авган согушуна катышкан  эки кызматкерди, мүчөбүздү райондук  профсоюз комитети тарабынан    уюштурулган  Ысык-Көлгө кыска мөнөттүк- 5 күндүк эс алууга барат. Ошондой эле эки мугалим мүчөбүз, авган согушунун катышуучуларын  №4 А. Навои орто мектебинен Ш.Ханалиев , №39 Бел-Терек  орто мектебинен   С.Энназаров Билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад облустук комитети уюштурган иш чарага жөнөтүлдү.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Базар-Коргон  райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев, уюштуруу иштерин кылган К.Асыранкулов.