Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕНДИК АРДАГЕРЛЕР ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛЫШТЫ

     Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин планына ылайык мектептерде иштеп жатышкан 18 эмгек ардагерлери  Ысык-Көлдөгү “Илим” пансионатына эс алууга жөнөтүлдү. Эс алуунун мөөнөтү – 6 күн. Ардагерлеридн эс алуусу үчүн Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети 44 400 сом, айыл өкмөттөрү 51 000 сом акча каражатын бөлүштү. Ардагерлер дем алууну уюштурган  райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук комитеттин жетекчилерине жана колдоо көрсөткөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларына терең ыраазылыгын билдирип жөнөнп кетишти.  

РКПнын жетектөөчү  адиси                                         Б.Абдыразакова