Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткенде спартакиада өткөрүлдү

2021-жылдын 28-майында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан билим берүү кызматкерлеринин арасында кезектеги спартакиада Т.Мурзапаров жана Ш.Токсонов атындагы орто мектептеринин базасында өткөрүлдү.

Райондун билим берүү уюмдарынан мыкты даярдыктар менен келген командалар бардык оюндарды курч атаандаштыкта өткөрүшүп, көрүүчүлөргө кызыктуу оюндарды тартуулашты.

Натыйжада эркектер арасында Самаркандек айыл аймагынан келген команда I орунга, Суу-Башы айыл аймагынын командасы II орунга, Ак-Татыр айыл аймагынын командасы III орунга ээ болушту. Ал эми аялдар арасында Кара-Булак айыл аймагынан келген команда I орунга, Самаркандек айыл аймагынын командасы II орунга, Ак-Татыр айыл аймагынын командасы III орунга ээ болушту.

Билим берүү кызматкерлеринин арасында өткөрүлүүчү спартакиаданын облустук туруна Самаркандек айыл аймагынын эркектер командасы жана Кара-Булак айыл аймагынын аялдар командасы катышып, райондун кызыкчылыгын коргомокчу.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райКБКнын төрагасы А.Зайитов