Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткенде "Онлайн тест - 2024" кароо-сынагы өттү

Билим жана илим кызматкерлеринин Баткен областтык комитети тарабынан Баткен областындагы баштапкы профсоюз комитеттеринин төрага,төрайымдары үчүн "Онлайн тест" кароо-сынагы  өткөрүлдү. Кароо-сынак башталганга чейин  РПК, ШПК төрагалары менен видео конференция өткөрүлүп  онлайн-тест кароо-сынагынын жободо көрсөтүлгөн эрежели дагы бир ирет түшүндүрүлдү.

"Онлайн тест" кароо-сынагы  баштапкы профсоюз комитеттеринин төрага, төрайымдарынын ишмердүүлүгүн жана укуктук билимдерин арттыруу максатында өткөрүлдү. Кароо-сынактын жүрүшүндө жалпы 40 суроого 40 минута берилди. Жыйынтыгында  206 баштапкы кесиптик бирлик төрага торайымдары катышып 50%дан жогору упай алган катышуучулардын тизмеси аныкталды. Жогору упай  алган "Онлайн тест" кароо сынагынын катышуучулары үчүн областтык комитеттин ыраазычылык каттары жана акчалай сыйлыктары уюштурулуп  район,шаарларда сыйлоо иш чаралары өткөрүлөт.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптки бирликтин Баткен областтык комитети