Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткенде онлайн кеңешме өткөрүлдү

2024-жылдын 15-январында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык онлайн комитетинин кеңешмеси өткөрүлдү.

Кеңешмеге райондук жана шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары катышышып, төмөнкүдөй  маселелер каралды:

1. Баткен областынын райондук,шаардык кесиптик бирликтеринде жыл жыйынтыгын чыгарган президиумдарын өткөрүү мөөнөтүн тактоо;

2. Баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана жаңы дайындалган мектеп директорлорунан турган командалар арасында “Брейн ринг -2024” интелектуалдык кароо сынагынын областтык турун өткөрүүнүн мөөнөтүн тактоо;

3. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан коюлган милдеттер жана тапшырмаларды аткаруу боюнча.

Мындан сырткары 2024-жылдын январь айы ичинде райондук жана  шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин жыл жыйынтыгын  чыгарган президиумдарын жана “Брейн ринг -2024” интелектуалдык кароо сынагынын областтык турун өткөрүү мөөнөттөрү такталып, мындан ары кесиптик бирликтин ишин активдештирүү милдеттери, талаптары коюлду.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Баткен областтык комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси: Гапарали уулу Мансур