Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕНДЕ МУГАЛИМДЕРДИН АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

23-августта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында  Баткен райондук мугалимдердин август кеңешмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  Ч.СаттарованынРеспубликасынын  , Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким К.Салиховдун, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары К.Кыдырованын, Баткен областтык билим берүү борборунун директору М.Айжигитованын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Кеңешмеде Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Зайитов өз баяндамасында өткөн окуу жылындагы жетишкендиктер, кемчиликтер жана 2018-2019-окуу жылындагы милдеттер жөнүндө кеңири баяндады.

Ошондой эле, катышуучулар мектептерде усулдук иштерди жандандыруу, окуучулардын билим сапатын көтөрүү, жалпы билим берүүчү мекемелредин жаңы окуу планы, инновациялык усулдар, кароо-сынактар, метептерде окуу китептерин ижарага берүү, мектептерде ысык тамактардын уюштурулушу боюнча маселелердин тегерегинде талкуулашты.

Кеңешменин 2-бөлүгүндө билим берүү тармагында эмгектенген  эмгек алдыңкылары сыйланды.

2018-2019-окуу жылына оңдоп-түзөө иштери боюнча кароо-сынактын жыйынтыктары боюнча жеңүүчү мектептерге баалуу белектер жана тиешелүү даражадагы дипломдор тапшырылды.  

 

Баткен РПКнын адиси Б.Абдыразакова