Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткенде конкурс башталды

Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2022-жылдын 8-июлундагы №224 «Кыргыз  Республикасынын мамлекеттик жана муниципальдык жалпы билим беруу уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жонундо” жарлыгынын  жана КРнын билим жана илим министрлигинин 2022-жылдын 14-июлундагы 1436/1 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципальдык жалпы билим беруу уюмдарынын жетекчилерин конкурс аркылуу тандоону жүргүзүү жөнүндөгү  буйругунун  негизинде Баткен областында беш жылдан ашык иштеген 98 мектеп директорлорунун бош орундарына 147 талапкер катышып конкурстук тандоо 2022-жылдын 11-августунда  Баткен Мамлекеттик Университетинде  КРнын билим жана илим министрлигинин  алдындагы Билимдин сапатын жана маалымат технологияларын баалоо улуттук борбору тарабынан өткөрүлдү.

Мектеп директорлорунун бош орундарына конкурстук тандоону өткөрүү үчүн Баткен Мамлекеттик Университети тарабынан уюштуруу иштери заман талабына ылайык жогорку деңгээлде жүргүзүлдү.

Аталган конкурска Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков байкоочу катары катышты.

Катышуучулардын, байкоочулардын маалыматына ылайык мектеп директорлорунун бош орундары үчүн өткөрүлгөн конкурстук тандоо ачык айкын, адилеттүү жана журналисттер, коомдук уюмдар үчүн ачык өткөрүлүп  бардык катышуучулар үчүн жеткиликтүү болгондугун ырасташты.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен областтык КБКнын адиси Гапарали уулу Мансур