Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткенчи мекенчил мугалим

Биздин баштапкы  профсоюздук  уюмубуздун  планына  ылайык  патриоттулук темасында Баткенчи жоокерлер менен жолугушуулар өткөрүп  окуучуларды мекенчилдикке  тарбиялоону өркүндөөтүүдөбүз.

Мектебиздин аскерге  чейинки  даярдык  жана  дене - тарбия  боюнча мугалими Баткенчи жоокер Чолпонов  Хайдарали Эргешбаевич балдарыбызды мекенди  сүйүүгө, аны  коргоого, кызмат кылууга даярдоо ишинде  активдүү эмгектенүүдө.

Баткенчи  жоокер Х.Чолпонов өзүнүн  жеке  үлгүсү  менен  да балдарыбызга тарбия  берүүдө. Анын  эмгектери  бааланып,Ноокен райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн,  Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Ноокен  райкомунун атайын  белектери  менен  сыйланды.

Кесиптешибизди Баткенчи   жоокерлердин  20 жылдык  майрамы менен куттуктайбыз, иштерине  ийгиликтер,  бекем  ден  соолук  каалайбыз!

 

 

 

Материалды  даярдаган:

  Ноокен  районундагы №29 Я.Мирзаходжаев  атындагы орто  мектебинин профкому

Абдурахимова  Сурайохан  Абдужамаловна.