Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарында “2017-жылдын мыкты мугалими” аныкталды

     Баткен  шаардык  билим  берүү  бөлүмүнө  караштуу  В.И.Ленин  атындагы  орто  мектебинин  базасында  2017-жылдын  13-апрель  күнү  “Жыл  мугалим – 2017”  кароо  сынагынын  шаардык  туру   өткөрүлдү. Кароо-сынак 2 турдан өтүп, сынактын катышуучулары  чучукулак тартуу жолу менен  сабактарын тандашып, сынактын 1-турунда    ачык сабак өтүшүп, мастер класс, өз адистиги жана педагогика, психология боюнча тестке, чукул суроолор жооп берип  мелдешсе, сынактын 2-турунда   катышуучулар өзүн –өзү тааныштырып, өз кызыгууларына (хобби)  токтолуп,  ар бир мугалимдин портфолиосу  каралып чыкты.

     Жыйынтыгында 1-орунду   Кызыл-Жол орто  мектебинин  химия  мугалими   Умарова  Айжаркын ээлеп 1-даражадагы диплом жана  эки камералуу морозильник  менен сыйланса, 2-орунду   А.Имаров-Кызыл  Топу  атындагы  орто  мектебинин  башталгыч  класстарынын  мугалими  Усарова  Мавжуда  ээлеп 2-даражадагы  диплом жана  сенсордук  сыналгы менен сыйланды. Ал эми   3-орунду   В.И.Ленин  атындагы  орто  мектебинин  чет  тили  мугалими   Сабыралиева  Зумрат камсыз кылып,  3-даражадагы  диплом жана  жарым автомат кир жуугуч  машинасы  менен сыйланды. Ал эми  калган  сынактын катышуучулары  Билим берүү бөлүмүнүн жана  Баткен шаардык профсоюз комитетинин  Ардак  грамоталары жана  баалуу  сыйлыкар менен  сыйланышты. Баткен шаарынын Мэриясы, Баткен шаардык билим берүү бөлүмү жана  Билим берүү кызматкерлеринин   профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин ортосунда 2017-2019-жылдарга карата түзүлгөн үч тараптуу  келишимге  ылайык  сынакты  өткөрүү үчүн   акча каражаты  бөлүндү.