Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаары - 2017- жылдын жыйынтыгын чыгарды

Билим берүү  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Баткен  шаардык  комитети  2018-жылдын 11-январь  күнү  А.Имаров-Кызыл-Топу атындагы  орто  мектебинин базасында   Пленум  өткөрдү. Пленумга  Баткен  шаарынын  вице мэри  И.Т.Рыскулова, Областтык  профсоюз комитетинин  төрагасы  З.Н.Бөтөков, Баткен  шаардык  билим берүү  бөлүмүнүн башчысы А.Ахматбеков, мектеп  жана  бакча  директорлору, Баштапкы  профсоюз уюмунун  төрайымдары,  пленум  мүчөлөрү  катышты.

Пленумда    Баткен шаарынын  мэриясы, Баткен  шаардык  билим берүү  бөлүмү, Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык  комитетинин ортосунда түзүлгөн үч тараптуу макулдашуунун  аткарылышы  жөнүндө (жетишкендиктер  жана  проблемалар) маселе  каралды. Бул маселе  боюнча  шаардык профсоюз комитетинин  төрайымы  Мактым  Калыкова   социалдык  өнөктөштөр   макулдашууга  ылайык   бир  топ  алгылыктуу  иштерди  аткарганы  жөнүндө  өз баяндамасында  айтып,  кенири  слайд  түрүндө  көрсөтүп   берди.

Үч тараптуу  макулдашуунун негизинде аткарылган  иштерге  токтолсок :

  Баткен  шаарынын  Мэриясынын  демилгеси  менен   3000 000 сомго Кызыл-Жол кварталындагы  жер изилдөө  институтунун  имараты    ондоо түзөөдөн  өткөрүлүп, 2017-жылдын январь  айында  шаардагы Кызыл-Жол кварталына   Данектай  балдар бакчасы ачылды. Бакчада  167  бөбөк  тарбияланып,  22   жараан  иш  менен  камсыз  болушту .   Ал эми  шаардык профсоюз комитетине  дагы бир уюм  мучө болуп кошулуп, профсоюз мучолорунун саны  өстү.

2017-2019-жылдарга  өнөктөштөр ортосунда түзүлгөн  үч тараптуу макулдашууга  ылайык  Билим беруу кызматкерлеринин  ар кандай иш-чараларына шаардык  Мэрия тарабынан   каражаттар  берилип келди.Атап айтсак ;

-          “2017-жылдын мугалими” кароо-сынагына – 45000  сом

-          2017-жылдагы мугалимдердин  спартакиадасы учун – 39800 сом

-          Мугалимдердин  кесиптик майрамын белгилоого   -73600 сом

 

Ал эми шаардык профсоюз комитетинин  эсебинен

-          Мугалимдердин шаардык, областтык спартакиадасы учун            - 7000 сом

-          “2017-жылдын мугалими” кароо-сынагына – 3000  сом

-          Нормативдик акттар, мыйзамдар  менен  камсыз кылууга – 9800 сом

-          2016-2017-окуу жылында окуучулары областтык жана республикалык олимпиадада  байгелуу орундарды камсыз кылган мугалимдерге материалдык колдоо көрсөтүү боюнча   үч тараптуу  келишимге  ылайык , 12 байгелуу орундарды камсыз кылган окуучулардын мугалимдерине  Баткен шаардык Мэриясы  76 000 сом, Шаардык профсоюз комитети 15 500 сом,  Ата-энелердин камкорчулар Кенешинин эсебинен 17 000 сом болуп жалпысынан  12 мугалимге  108 500 сомдук,  материалдык колдоо көрсөтүлдү.

-         Билим беруу  мекемелерин массалык маалымат каражаттары менен  камсыз кылуу максатында  2017-жылда  китепканалардын подшивкасы учун   65 000 сом  жергиликтуу  бюджеттин эсебинен болунуп, жазылуу жургузулду .

-          2017-жылдын  октябрь  айында Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамынын  8-беренесине  ылайык   мугалим-тарбиячыларга  300 сомдон жалпысынан  112 200 сом   жергиликтүү бийликтин эсебинен  коммуналдык кызмат үчүн каражат төлөнүп  берилди.

-          Жаш мугалимдерди   жергиликтүү  бийлик органы  тарабынан  колдоо  алардын  ишине стимул  берүү  максатында Мугалимдердин Август Кенешмесинде 13  мугалимге  2000 сомдон  жалпы 26 000 сом  шаардык Мэрия тарабынан жаш мугалимдерди  колдоо  максатында  тапшырылды.

-         Билим берүү  мекемелеринде  эмгектенген  кызматкерлердин  эмгегин коргоо, жумуш орундарын  жакшыртуу  жана  техникалык  коопсуздугун алдын алуу  максатында бардык билим берүү мекемелерин жаны 2016-2017-окуу жылына даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 58000   сом болунуп берилди.

Пленумдун  катышуучулары,   профсоюз  уюму   социалдык өнөктөштөр  менен  тыгыз  иш  алып барып жатканын баса  белгилеп, жакшы  бааларын  беришти.   Президиум мүчөлөрүнө    мындан ары да   жергиликтүү  бийлик органдары  менен  тыгыз  иш алып баруу жагы  милдеттендирилди.