Баткен областынын баштапкы профсоюз комитеттеринин төрагалары Ысык-Көл областында эс алышты
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин уюштуруусу менен атайын түзүлгөн графикке ылайык Баткен областынан 40 баштапкы профсоюз комитетинин төрага, төрайымдары 2016-жылдын 25-июнунан 30-июнуна чейин Ысык-Көл областынын Тамчы айылында 5 күндүк эс алууда болушту.
Баштапкы профсоюз комитеттеринин төрага, төрайымдарын областтык комитеттин төрагасы З.Ботоков жетектеп барды. Эс алуу мезгили атайын түзүлгөн программа менен өткөрүлдү. Программада райондор аралык ыр-кесе, атайын конкурстар жана «баштапкы профсоюз комитеттеринин ишмердүүлүгү» деген темада окутуу семинарлары өткөрүлдү.
Окутуу семинарын областтык комитеттин төрагасы З.Ботоков интерактивдүү усулдар менен өткөрүп, катышуучулар үчүн абдан кызыктуу болду.