Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕН ОБЛАСТЫНДАГЫ ЛЕЙЛЕК РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОФСОЮЗ КОМИТЕТИНИН КЕЗЕКСИЗ ПЛЕНУМУ

      Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитетинин кезексиз пленуму 2017-жылдын 19-январында  болуп өттү.

      Пленумга Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Ниязалиева жана 23 пленум мүчөлөрү катышышты.

      Лейлек райондук комитетинин төрагасы А.Мамажанов өз арызынын негизинде төрагалык кызматтан бошотулду. Пленумда райондук комитеттин төрагалыгына талапкерлерди көрсөтүү жана дайындоо маселелери каралып, бир добуштан райондук комитеттин мүчөсү, райондук комитеттин уюштуруу иштери боюнча адиси  А.Бердиев Лейлек райондук комитетинин төрагалыгына шайланды.

Уюштуруу жана укук иштери

боюнча адис                                                                        К.Акимов