Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областындагы билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларынын туура төлөнүшүнө мониторинг жүргүзүлүүдө.

    Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин 2016-жылдагы иш планына ылайык райондук, шаардык билим берүү профсоюз комитеттеринин төрагалары менен биргеликте ар бир район, шаардагы билим берүү бөлүмдөрүнүн эсепчилери тажрыйба алмашуу максатында билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысынын туура төлөнүшүнө мониторинг жүргүзүшүүдө.

    2016-жылдын 23-мартында Баткен райондук профсоюз комитетинин төрагасы Т.Жумаев  баштаган эсепчилер  Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн эсепчилери менен жеринде барып тажрыйба алмашышты.

     2016-жылдын 4-апрелинен баштап Кадамжай райондук билим берүү профсоюзунун төрагасы  А.Момошов баштаган  эсепчилер Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн эсепканасынын эмгек акылардын туура төлөнүшүнө мониторинг жүргүзүшөт.

     2016-жылдын 11-апрелинен баштап Лейлек райондук билим берүү профсоюзунун төрагасы  А.Мамажанов  баштаган  эсепчилер Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн эсепканасынын эмгек акылардын туура төлөнүшүнө мониторинг жүргүзүшөт.

Мониторингдин жыйынтыгы 2016-жылдын апрель айындагы Баткен областтык профсоюз комитетинин президиумунда каралат.

 

 

Уюштуруу жана укук иштери

боюнча адис                                                     К.Акимов