Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областындагы баштапкы профсоюз комитеттеринин төрагаларынын жайкы эс алуусу

     Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин 2016-жылда “Жайкы эс алууну уюштуруу” жөнүндө токтомунун негизинде Баткен областтык комитети тарабынан 2016-жылдын 25-июнунан 30-июнуна чейин Ысык-Көл областынын Тамчы айылына 5 күндүк эс алуу уюштурулуп, Кадамжай районунан 13, Лейлек районунан 10, Баткен районунан 8, Кызыл-Кыя шаарынан 3, Баткен шаарынан 1, Сүлүктү шаарынан 2, жалпысынан областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөков жетектеген 40 баштапкы профсоюз комитеттеринин төрагаларынын эс алуусу областтык комитеттин эсебинен каржыланды. Ошондой эле эс алуудан тышкары “Баштапкы профсоюз уюмунун ишмердүүлүгү” деген темада окутуу семинарлары өткөрүлөт.

 Уюштуруу жана укук иштери боюнча адис                                     К.Акимов