Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областында “Профсоюз бюджетинин финансылык иш кагаздарын жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу” деген темада областтык окутуу семинары өткөрүлдү

      2016-жылдын 31-майында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети райондук, шаардык комитеттердин төрагаларына жана эсепчилерине “Профсоюз бюджетинин финансылык иш кагаздарын жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу” максатында Баткен шаарында окутуу семинары өткөрүлдү.Семинардын жүрүшүндө областтык комитеттин төрагасы  Бөтөков Завиридин Насирович сөз сүйлөп бир топ милдеттерди аткаруу жагын белгиледи. Ошондой эле областтык комитеттин башкы эсепчиси  Ш.Эсенова, Кадамжай РПКнын эсепчиси Ү.Казыканова жана Лейлек РПКнын эсепчиси Ш.Тыныбековдор кенири ой-пикирлерин айтышып талкуулашты.

       Семинарга райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары жана эсепчилери катышып,Борбордук комитет тарабынан иштелип чыккан финансылык нускаманын негизинде областтын аймагында бирдиктүү иш жүргүзүү, тажрыйба алмашуу жана тема боюнча катышуучулар  арасында  талкуу, ой-пикир сунуштар айтылды.

Уюштуруу, укук жана эмгекти

коргоо боюнча адис                                                                      К.Акимов