Баткен областында мугалимдердин кесиптик майрамы жогорку денгээлде өткөрүлдү
Баткен областында 2016-жылдын 6-октябрь күнү мугалимдердин кесиптик майрамы областтык денгээлде өткөрүлдү. КРнын өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети жана Билим берүү усулдук борбору менен биргеликте уюштурулган салтанатка КРнын өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Халмурзаев катышып куттуктоо сөз сүйлөп сыйлйктар тапшырылып өкүлчүлүк тарабынан сый тамак уюштурулду. Ошондой эле бул аземге райондордун акимдеринин орун басарлары, шаарлардын вице-мэрлери жетектеген 180 билим берүү кызматкерлери катышып аларга ар бирине Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков тарабынан баалуу белектер тапшырылды. Аземге чейин тарых жана маданият жылына карата мугалимдер арасында кезектеги “Сармерден” улуттук оюну өткөрүлдү. Бул оюнга Баткен районунун агайлары менен Сүлүктү шаарынын эжекелери катышып өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жыйынтыгында сармерден улуттук оюунун катышуучуларына Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин баалуу белектери менен сйыланышты.
Уюштуруу, укук жана эмгекти
коргоо боюнча адис К.Акимов.