Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областында “Баштапкы профсоюз комитетинин мыкты төрагасы-2016” областтык кароо сынагы өткөрүлдү

      2016-жылдын 19-октябрь социалдык жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети  экинчи ирет “Баштапкы профсоюз комитетинин мыкты төрагасы-2016” областтык кароо-сынагын  Баткен шаарында өткөрдү. Кароо- сынактын максаты областын аймагындагы билим берүү мекемелериндеги баштапкы профсоюз комитеттеринин төрагаларынын ишмердүүлүгүн  жайылтуу,  активдештирүү  2016-жылдын мыкты төрагасын  тандоо. Кароо-сынака Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорунан жана Баткен, Кызыл Кыя, Сүлүктү шаарларынан мыкты деп табылган баштапкы профсоюз комитетинин төрайымдары катышышты. Конкурстун катышуучулары кароо-сынактын жобосуна ылайык төмөнкүдөй тапшырмаларды аткарышты ,  өзүн өзү тааныштыруу, өзүнүн жеке долбоорун презентациялоо, тес тапшыруу, профсоюз ишмердүүлүгүнөн көрүнүш, профсоюзга мүчө бол ураандын астында үй тапшырмасы.

         Кароо-сынактын жыйынтыгында  калыстар тобунун берген упайынын негизинде төмөнкүдөй жыйынтык чыкты.

I орун - Сүлүктү шаарындагы Токтогул атындагы №2 кесиптик билим берүү лицейинин баштапкы профсоюз комитетинин төрайымы Абдрахманова Назира  2016-жылдын мыкты төрайымы деп табылды.

II  орун–Баткен шаарындагы С.Огата а.о.м.  баштапкы профсоюз комитетинин төрайымы Мадалиева Айгүл жана Кызыл Кыя шаарындагы балдардын билим берүү борборунун профсоюз комитетинин төрайымы Максатбек кызы Айсулуу.

III орун -  Кадамжай районунун О.Маканов атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз комитетинин төрагасы Абдибайтов Камалбек ээлеп областтык комитеттин диплому жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Кароо- сынактан кийин  областтык комитет тарабынан майрамдык дасторкон уюштурулду.

Кароо-сынак Баткен областтык мамлекеттик телевидениясынан көрсөтүлүп жана “Баткен Таны” областтык газетасы аркылуу маалымат катары чыгарылмакчы.

Уюштуруу жана укук

иштери боюнча адис;                                                       К.Акимов