Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областында 8 март аялдардын эл аралык майрамы белгиленди

2016-жылдын 3-мартында Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында Кыргыз Республикасынын –Өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлчүлүгү жана областтагы тармактык профсоюздар комитеттери менен биргеликте 8-март аялдардын Эл аралык майрамына карата салтанаттуу азем өткөрүлдү.

Бул салтанаттуу аземге Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык райондук, шаардык комитеттеринин сунушу менен билим берүү жана илим тармагында эмгектенген 55 алдынкы мугалим, тарбиячылар  катышышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлү  Ж.Разаков куттуктоо сөз сүйлөп, майрамга карата иштериндеги ийгиликтери үчүн мугалимдерди , тарбиячыларды  Ардак грамота менен сыйлады.

Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынынын артисттери тарабынан чакан концерттик программа тартууланып аял затынын турмуштагы орду тууралуу куттукттоо сөздөр айтылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан сый тамак уюштурулуп, катышуучулар үчүн ар турдуу оюн зооктор тартууланды.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Ботоков тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

 

 

Уюштуруу иштери, укук жана

техникалык коопсуздук боюнча

адис                                                                                      К.Акимов