Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областтык билим берүү профсоюзу жыл жыйынтыгын чыгарды

       2017-жылдын  11-январында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин 2016-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарган президиуму  болуп өттү. Президиумда төмөнкүдөй маселелер каралды;

  -  2016-жылда аткарылган иштердин жыйынтыктары. 

  -  Областык комитеттин 2017-жыл үчүн иш планын бекитүү.

  -  Кадамжай  райондук жана Кызыл Кыя  шаардык комитеттеринин билим берүү кызматкерлеринин социалдык –экономикалык, укуктук таламдарынын коргоодо жүргүзгөн иштеринин усулдук формалары жана уюштуруу иштери жөнүндө маселелер каралды.

Президиумга областтык комитеттин президиумунун мүчөлөрү, район шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары, областтык комитеттин текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү жана Баткен Мамлекеттик Университетинин, колледждин, областтык гимназия жатак мектебинин, көркөм сүрөт жатак мектебинин профкомдору катышышты. Президиумда төрага З.Бөтөков 2016-жылда аткарылган иштер боюнча слайд түрүндө маалымат  берди жана  2017-жылда аткарылуучу иштердин планы бекитилди.

Президиумдун жыйынтыгында жылдын мыктыларына областтык комитеттин баалуу белектери тапшырылды.

Уюштуруу  жана укук

иштери боюнча адис                К.Акимов