Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарындагы "Жыл мугалими-2023" сынагы

Баткен шаарында “2023-жылдын мугалими” кароо-сынагы өткөрүлүп, ага Баткен шаарынын мэриясынын вице-мэри М.Маматисаев катышты.

Кароо-сынактын I туру Кызыл Топу айылындагы А.Имаров жалпы орто мектебинин базасында, ал эми II туру В.И.Ленин орто мектебинде өткөрүлдү. 

Сынактын катышуучулары заман талабына ылайык, компьютерде иштөөнүн жолдорун көрсөтүшүп мыкты деңгээлде сабак өтүштү.

Сынактын жыйынтыгында I орунду Ж.Боконбаев атындагы  орто мектебинин мугалими  Н.Сулайманова, II орунду Ж.Садыков атындагы башталгыч мектебинин мугалими С.Ботоярова ал эми III орунду  Баткен-гимназия мектебинин мугалими Ж. Имаралиев камсыз  кылды.

Сынактын жүрүшүндө байгелүү орундарды камсыз кылган мугалимдерге тийиштүү даражадагы дипломдор жана  баалуу белектер тапшырылды.

Баткен шаарынын мэри И.Бурканов, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчы К.Турдубаев жана билим берүү кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Баткен шаардык комитетинин  төрайымы М.Калыкова ортосунда 2023-2025-жылдарга  түзүлгөн үч тараптуу макулдашууга ылайык, I орунга  35000 сом, II орунга  25000 сом, III орунга  15000 сом,  ал эми  калган катышуучуларга Баткен  шаардык  кесиптик бирлик уюму тарабынан  30000 сомдук белектер берилди.

Жалпысынан  “Жыл мугалими-2023”  кароо-сынагына  катышкан мугалимдерге 105 000 сомдук  белектер тапшырылды.

       

    

 

 Маалыматты даярдаган: Баткен шаардык кесиптик бирлик комитетинин адиси М.Калыкова