Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарында “Ден соолук-2023” спартакиадасы өткөрүлдү

2023-жылдын 5-майында  Баткен  шаарында  билим берүү кызматкерлеринин арасында “Ден соолук-2023” спартакиадасы болуп өттү. Спартакиада  Баткен  шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто жана №4 жалпы орто мектептеринин базасында уюштурулуп, волейбол, футбол, шахмат жана тогуз коргоол оюндарынын түрү боюнча өткөрүлдү.

Спартакиаданын жүрүшүнө Баткен шаардык спорт комитетинин башчысы Ж.Токсобаев, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы  К.Турдубаев жана экс ШББНын башчысы  А.Ахматбеков күбө болушту.

Аталган спорттук сынак билим берүү кызматкерлеринин Баткен шаардык комитетинин төрайымы М.Калыкованын  демилгеси менен  уюшулуп, толугу менен кесиптик бирлик комитети тарабынан каржыланып, 43 миң сом жумшалды.

Спартакиадага жалпысынан 256 кесиптик бирлик  мүчөлөрү катышып, 12 команда күч сынашты. Жыйынтыгында  волейбол боюнча аялдар арасында I орунга С.Айтматов атындагы орто мектеби, II орунга Ж.Боконбаев, III орунга  В.И.Ленин  атындагы орто мектебинин  командалары татыктуу болушту. Ал эми кичи футбол оюну боюнча эркектер арасында  I орунга С.Айтматов  айылдык орто мектебинин, II орунга  Кызыл-Жол орто мектебинин, III орунга  С.Огата орто мектептеринин командалары татыктуу болушту.

Жалпы командалык жыйынтыкта С.Айтматов айылдык орто мектеби I орунду,  В.И.Ленин II орунду камсыз кылышып, шаардык  кесиптик бирлик комитети тарабынан  I, II, III даражадагы дипломдор  жана  акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен шаардык комитетинин төрайымы  М.Калыкова “Мыкты  чабуулчу”, “Мыкты коргоочу”, “Ардагер  спортчу”, “Жаш  спортчу”, “Мыкты оюнчу” жана башка номинациялар боюнча кесиптик бирликтин 25 мүчөсүнө  баалуу  белектерди ыйгарды. 

Ал эми жеңүүчү аталган мыкты  оюнчулар  билим берүү  кызматкерлеринин  спартакиадасынын  областтык туруна  жолдомо алышты.

 

Маалыматты  даярдаган: Кесиптик бирликтин Баткен шаардык комитетинин төрайымы М.Калыкова