Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕН ШААРЫНДА ҮЧ ТАРАПТУУ МАКУЛДАШУУГА ЫЛАЙЫК МУГАЛИМДЕРГЕ КОЛДОО КӨРСӨТҮЛДҮ

Баткен  шаарында  2018-жылдын  16-мартына    мэриянын  залында  мектеп окуучуларынын  предметтик олимпиадасынан  областтык турунун  женүүчүлөрүн  (мугалим жана  окуучулар)  сыйлоонун  салтанаттуу  аземи  өткөрүлдү. Салтанаттуу   аземге  Баткен шаарынын  мэри М.Т.Рахимов,  шаардык Кенештин  төрагасы  А.А.Ташбеков, Баткен шаарынын  вице мэри И.Т.Рыскулова, Баткен шаардык  билим берүү бөлүмүнүн  башчысы  А.А.Ахматбеков,  Билим, илим профсоюзунун Баткен областтык  комитетинин  адиси К.А.Акимов,  Баткен шаардык  профсоюз комитетинин  төрайымы  М.Калыкова  жана  мектеп  жетекчилери  катышышты.

         Албетте  мугалимдин  тынбай изденүүсү, мыкты  усулдарды  колдону билүүсү, окучунун тынымсыз  аракети, жетекчинин  туура  талап  коюусунун  натыйжасында  гана  биз  олимпиец  окуучуларды  тарбиялайбыз. Бирок  азыркы базар экономикасынын  шартында   мугалимдерге  заман талабына  ылайык  билим берүүсү үчүн ар кандай  мектеп  программасынан  тышкаркы  каражаттарды  пайдаланып иштөөсү  үчүн  мугалимди материалдык  жактан  колдообуз зарыл.

Мына  ушундай  максат менен Баткен шаарынын Мэриясынын (мэр  М.Рахимов), Баткен шаардык  билим берүү бөлүмү (башчысы  А.Ахматбеков) жана  билим берүү кызматкерлеринин   профсоюзунун   Баткен   шаардык  комитетинин (төрайым  М.Калыкова)  ортосунда  2017-2019-жылдарга  түзүлгөн  үч  тараптуу  макулдашууга  ылайык    окуучулары  предметтик  олимпиаданын  областтык  турунда байгелүү  орундарды  камсыз  кылган  мугалимдерге  колдоо  көрсүтүлдү.  Белгилеп  кетсек  1-орун үчүн 10000 сом, 2-орун үчүн 7000 сом, ал эми 3-орун үчүн 5000 сом  болуп, жалпысынан  18  мугалимге   132 500  сомдук  колдоолор  акчалай  түрүндө  көрсөтүлдү.

Мугалимдерге колдоо  көрсөтүүдө   Билим берүү профсоюзунун  Баткен  областтык  (төарага  З.Н.Бөтөкөв)  жана   шаардык  профсоюз  комитеттери  (төрайымы  М.Калыкова)   четте  калбай   жалпысынан  18  мугалимге   материалдык колдоолор  көрсөтүлдү.

Учурда  Баткен шаарынан  7 окуучу  респуликалык  этапка  катышууга  жолдомо  алышты. Үч тараптуу  макулдашууга  ылайык  республикалык этаптын женүүчүлөрүнө  да  колдоолор көрсөтүлөт.