Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарында үч тараптуу келишим өз натыйжасын берүүдө

Кыргыз  Республикасынын   “Мугалимдин  статусу жөнүндө мыйзамынын”  8-беренесине жана  Баткен шаарынын Мэриясынын (мэр  М.Рахимов), Баткен шаардык  билим берүү бөлүмүнүн (башчысы  А.Ахматбеков) жана  билим берүү кызматкерлеринин   профсоюзунун   Баткен   шаардык  комитетинин (төрайым  М.Калыкова)  ортосунда  2017-2019-жылдарга  түзүлгөн үч  тараптуу  келишимге ылайык   жергиликтүү  бюджеттин эсебинен Баткен  шаарындагы  билим берүү  мекемелеринде эмгектенген  мугалим жана тарбиячылардын  ар бирине  300  сом  өлчөмүндө   коммуналдык чыгымдар  үчүн  женилдиктер  акчалай  түрдө  . Жалпысынан  Баткен шаарындагы  367 мугалим, тарбиячыларга   110100 сом  бөлүндү.

Мугалимдердин  беделин көтөрүүдө  жергиликтүү  бийлик  органынын (Баткен шаарынын мэриясынын)     профсоюз уюму  менен  социалдык  өнөктөштүктө тыгыз иш алып барганы мугалимдер үчүн  да  социалдык колдоо катары  кабыл алынууда.

  Буга  чейин жаш мугалимдерди колдоо үчүн   Баткен шаарынын  мэриясы  тарабынан  20 мугалимге  2000 сомдон   Мугалимдердин  Август  кенешмесинде  тапшырылды.

Баткен шаарынын  мугалимдери  мындай жөрөлгөгө  сүйүнүп  профсоюз уюмуна ыраазылык каттарын   беришүүдө.