Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаары мугалимдерди колдойт

Кыргыз Республикасынын "Мугалимдин статусу жөнүндө мыйзамынын" 8-беренесине жана Баткен шаарынын Мэриясынын (мэр М.Рахимов), Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн (башчысы А.Ахматбеков) жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин (төрайым М.Калыкова) ортосунда 2020-2022-жылдарга түзүлгөн үч тараптуу макулдашууга ылайык жыл сайын мугалимдерге ар кандай колдоолор көрсөтүлүп келүүдө. 2021-жылдын 9-апрелинде жергиликтүү  бюджеттин эсебинен, проф.бюджеттен окуучулары предметтик олимпиаданын областтык турунда байгелүү орундарды камсыз кылган 15 мугалимге колдоолор  көрсөтүлдү. Атап айтсак: жергиликтүү бюджеттен 47000 сом, профсоюздук бюджеттен 8000 сом акчалай колдоо көрсөтүлдү. Акчалай колдоо көрсөтүү окуучунун ээлеген ордуна жараша болду. Баткен шаарынын окуучулары предметтик олимпиаданын областтык турунда 1-орунду 3 окуучу, 2-орунду 5 окуучу, 3-орунду 7 окуучу камсыз кылып, жалпы 15 окуучу байгелүү орундарды ээлешти.

Албетте жергиликтүү бийлик органынын мугалимдерге мындай колдоосу мугалимдердин мындан жакшы ийгиликтерине жетүүсүнө ишеним жана дем берет.

 

Материалды даярдаган: Баткен шаарпроф комитетинин төрайымы М.Калыкова