Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областындагы профсоюз комитеттери тарабынан профсоюз мүчөлөрүнө жардамдар берилүүдө

Баткен областындагы профсоюз комитеттери тарабынан профсоюз мүчөлөрүнө жардамдар берилүүдө

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы А Токтогуловдун тапшырмасына ылайык, өлкөдөгү карантин абалына байланыштуу билим берүү тармагындагы социалдык жактан аз камсыз жана турмуш шарты оор кызматкерлерге колдоо көрсөтүү жана күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк продуктылар менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында областтын бардык райондук, шаардык профсоюз комитеттерине тапшырмалар берилген. Жогорудагы тапшырма боюнча билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун областтык комитети тарабынан областтык комитетке түз баш ийген областтык мекемелердин аз камсыз жана турмуш шарты оор 3 мугалимине 1 каптан ун жардам катары берилди. Лейлек райондук профсоюз комитети, Баткен жана Сүлүкту шаардык профсоюз комитеттери маска, антисептиктер, турмуш шарты оор билим берүү кызматкерлерине ун, май ж.б азык-түлүк продуктыларды таркатышты. Кадамжай райондук, Кызыл Кыя шаардык профсоюз комитеттери тизмелерди такташууда алар да өз жардамдарын беришет.

Баткен ОПК: К.Акимов