Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областындагы билим берүү кызматкерлеринин балдары жайкы эс алуу лагерлеринде көнүлдүү эс алышууда .

Билим берүү кызматкерлеринин балдарынын жайкы эс алуусун мыкты уюштуруу максатында, 2018-жылдын 5-июнунда райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагаларын жана областагы балдардын ден соолугун чындоо борборлорунун директорлорунун, эсепчилеринин катышуусунда жайкы эс алууга даярдык боюнча маселе каралып, тиешелүү тапшырмалар берилген.

Натыйжасында 2018-жылдын 27-июнунан баштап балдардын жайкы эс алуу лагерлери иш алып барышууда.Быйылкы жылы жайкы эс алууга акча каражаты Кырыгыз Республкасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан өз убагында бөлүнүп жайкы эс алуу талаптагыдай уюштурулууда.

Атап айтсак , Баткен району, Баткен шаары жана областтык билим берүү мекмелеринен Баткен районунун“Алтын-Бешик” лагеринде 74 бала, Лейлек району жана Сүлүктү шаарларынан Лейлек районунун“Алтын-Бешик” лагеринде 96 билим берүү кызматкерлеринин балдары жайдын аптаптуу күндөрүндө атайын жолдомолор менен барышып көнүлдүү эс алышты.Ал эми 2018-жылдын 14-июлунан баштап Кадамжай районунун “Ак-Суу” лагеринде Кадамжай районунун билим берүү кызматкерлеринин 100 баласы азыркы учурда эс алышууда.

Жайкы эс алуу этабы Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети, Баткен областтык жана район, шаардык профсоюз комитеттери тарабынан уюштуруу маселелери көзөмөлгө алынган.

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков жана Баткен областындагы тиешелүү райондук, шаардык профсоюз комитеттер лагерлердин даярдыгын карап чыгышты.

Жыйынтыгында областтын билим жана илим кызматкерлери Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетине, балдардын жайкы эс алуусун уюштуруудагы өзгөчө эмгектери үчүн терең ыраазычылыктарын билдирет.

Уюштуруу, укук иштери боюнча адис; К.Акимов