Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областында «2018-жылдын мыкты мугалими» аныкталды

2018-жылдын 24-25-апрель күндөрү Баткен шаарында «2018-жылдын мыкты мугалими» областтык кароо-сынагы болуп өттү.

Кароо-сынакка  район, шаарлардан мыкты деп табылган  7 мугалим  салтка айланган жылдын мыктысы наамына ат салышып, кароо-сынактын жыйынтыгында “2018-жылдын мыкты мугалими” деп Баткен областтык гимназия жатак-мектебинин тарых мугалими Ражабали кызы Акбермет табылды, ал эми экинчи орунду ээлеген Сүлүктү шаарынын Н.Кушматов атындагы орто мектебинин мугалими Шералиева Дилара, үчүнчү орунду Лейлек району жана Баткен шаарынын мугалимдери  ээлешти.

 Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков тарабынан женүүчүлөргө областтык профсоюз комитетинин баалуу белектери тапшырылып жылдын мыктыларынын түйшүктүү иштерине  ийгиликтерди каалады.

 

Уюштуруу, укук жана эмгекти

коргоо боюнча адис                                                                      К.Акимов