Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен областтык кесиптик бирлик комитети тарабынан жардам берилди

2021-жылдын 29-30-апрель күндөрү Баткен областынын Тажикстан менен чектеш аймагындагы Кыргыз-Тажик кагылышуусунан улам Баткен шаарынын 1 мугалими жана 3 билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин балдары каза болушкан.

  • Баткен шаарынын С.Огата атындагы орто мектебинин дене-тарбия мугалими 31 жаштагы Ганиев Жамшид Каюмбекович каза болгон.
  • Баткен шаарынын Ж.Боконбаев атындагы орто мектебинин мугалими, 30 жаштагы уулу Мусаев Уланбек каза болгон.
  • Баткен шаарынын Кызыл Жол орто мектебинин кызматкери, 19 жаштагы уулу Абдибахап уулу Султанбек каза болгон.
  • Баткен шаарынын А.Имаров-Кызыл Топу атындагы орто мектебинин кызматкери, уулу Тагаев Али  каза болгон

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети тарабынан материалдык моралдык колдоо көрсөтүү максатында, төрага З.Бөтөков каза болгондордун үйүнө барып көнүл айтып, материалдык моралдык жактан колдоо көрсөтүлдү.

Ошондой эле акыркы маалыматтар боюнча Лейлек районунун Максат, Арка, Кулунду айылдары боюнча 22 билим берүү кызматкерлеринин үйлөрү өрттөлгөн. Ал эми 10 билим берүү кызматкерлерини үйлөрү уурдалып тонолгон.

Баткен районунда алдын ала маалыматтар боюнча 11 билим берүү кызматкерлеринин үйлөрү өрттөлгөн.  Бирок азыркы учурда барууга кооптуу аймактар боюнча маалыматтар такталууда.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен ОПКнын адиси К.Акимов