Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен, биз силер менен!

Баткендеги чек ара окуясында чоң жоготуулар болду. Ал жерде жабыр тарткан мекендештерибиз жана кесиптештерибизди моралдык, материалдык жактан колдоо ар бирибиздин милдетибиз деп билебиз.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов башында турган атайын  жумушчу топ түзүлүп, жардамдар уюштурулду.

Атап айтсак Ноокен районунун билим берүү тармагынан 1 215 000 сом акча каражаты атайын эсепке которулуп,  66 500 сомдук төшөк, жууркандар жөнөтүлдү.

Андан сырткары Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин кезексиз президиуму чакырылып, кесиптик бирликтин бюджетинен 20 000 сом акча каражатын которуу чечими кабыл алынды.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров