Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы профсоюздук уюмдарынын жетекчилери үчүн семинар

30-ноябрь күнү билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад облустук комитети менен Таш-Көмүр шаардык комитети менен бирдикте облустук семинар (облустук профсоюздук борбордун уюштуруусу менен) №3 Тоголок Молдо атындагы орто мектептин базасында өткөрүлдү.

Семинар «Баштапкы профсоюздук уюмдардын иштерин уюштуруу» темасында өткөрүлүп, ага шаардын мектептеринин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана кошуна Аксы районундагы баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилери  чакырылды.

Алгач семинардын катышуучулары мектептин окуу кабинеттери, жасалагаланышы, профсоюздук кабинеттин уюштурулушу жана андагы документациялар менен таанышып чыгышты.

Мектептин окуучуларынын жана балдар бакчаларынын бөбөктөрүнүн күчү менен даярдалган профсоюз, мугалим темасындагы инсценровкалар, «Ааламдын алпы - Ч.Айтматов» (улуу жазуучунун 90 жылдык маарекесине арналган кече тартууланды).

Семинарды обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов ачып, аны өткөрүүнүн максаты жөнүндө айтып, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети, облустук комитети тарабынан тармактык  профсоюздун Республикалык VI сьездинин, Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн көчмө (23.08.2018.) пленумунун, Жалал-Абад обкомунун (16.11.2018.) пленумунун  токтомдорун  турмушка  ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан ар тараптуу иштер жөнүндө билдирүү жасады.

Кийинки сөздөр профсоюздун Таш-Көмүр шааркомунун төрайымы Э.Эгизалиевага, шаардагы «Мамалак» балдар бакчасынын профкомунун төрайымы А.Арстанкуловага,№3 Тоголок Молдо атындагы орто мектептин профкомунун төрайымы Г.Молдалиеваларга берилип, 2018-жыл ичинде аталган уюмдар тарабынан профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык көйгөйлүү маселелер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолушту. Билдирүүлөр слайддар менен коштолуп, катышуучуларга маанилүү маалыматтар жеткирилди.

Семинардын кийинки бөлүгүндө обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов «Баштапкы профсоюздук уюмдардын иштерин уюштуруу өзгөчөлүктөрү» боюнча кеӊири билдирүү жасады.

Ошондой эле жаштар кеӊештеринин  иштерин уюштуруу боюнча облуста жүргүзүлүп жаткан бараандуу аракеттерге токтолуп, бул маселеде  Жалал-Абад, Сузак,  Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Тогуз-Торо райшааркомдору алгылыктуу иштеп жаткандыгын белгиледи.

Андан кийин «Баштапкы профсоюз уюмдарында укук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы» деген темада обкомдун инспектору А.Айдаров семинардын катышуучуларына кеӊири түшүнүктөрдү берди.

Обкомдун финансы бөлүмүнүн башчысы З.Сулайманов «Профсоюз уюмдарынын финансылык иштерин уюштуруунун жолдору» жөнүндө практикалык  түшүндүрмөлөрдү  жасады.

Анын соӊунда эркин микрофон уюштурулуп, катышуучулар өздөрүнүн ойлорун, сунуш пикирлерин айтышты. Баалуу пикирлер иреттелип, иш чарага киргизилди.

Жыйынтыгында  катышуучулар тарабынан берилген суроолорго тиешелүү жооптор кайтарылды.

Алдыӊкы профсоюз мүчөлөрүнө обкомдун Ардак Грамоталары тапшырылды.

Семинардын ишине айрым мектеп директорлору жана Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Шабдановдор катышышты.

Семинарды А.Бегматов жыйынтыктады.

 

 

Обкомдун пресс-катчысы 

М.Абдыкадырова