Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Маалыматтык ишти жакшыртуу жана жайылтуу

2023-жылдын 17-февралында Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүндө жайгашкан №5 Н.Токторбаев атындагы орто мектебинде “Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында маалыматтык иштерди жакшыртуу жана жайылтуу” темасында баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларына райондук семинар өткөрүлдү. Семинарга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясынын экономисти Г.Бекбаева жана мектептин кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери катышты.

Иш-чара №5 Н.Токторбаев атындагы орто мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен башталып, мектептин профкому Н.Салиева өткөн жылда аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Семинардын жүрүшүндө Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов Борбордук комитеттин 2022-жылдын 22-декабрындагы президиумунун токтомдорун ишке ашыруу, 2023-жылга карата аткарылуучу иштер жана милдеттерди белгилеп өттү.

Ноокен райондук билим берүү борборунун борборлоштурулган бухгалтериясынын экономисти Г.Бекбаева билим берүү мекемелеринде жүргүзүлгөн тарификация, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 токтому Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө билдирүү жасады. Ноокен райондук кесиптик бирлигин инспектору Т.Бакиров “Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын иш кагаздарын иреттүү жүргүзүү”, “Мыкты кесиптик бирлик уюмунун төрагасы-2023” кароо-сынагы жана “Маалыматтык иштерди жакшыртуу жана жайылтуу” боюнча кеңири маалымат берди.

                                                                         

 

Маалыматты даярдаган: №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин профкому А.Мурзакулова