Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“БАШТАПКЫ КЕСИПТИК УЮМДАРЫНЫН МААЛЫМАТТЫК ИШТЕРИН ЖАКШЫРТУУ ЖАНА ЖАЙЫЛТУУ” ТЕМАСЫНДА РАЙОНДУК СЕМИНАР

2023-жылдын 17-февраль күнү Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүндө жайгашкан №5 Н.Токторбаев атындагы орто мектебинин базасында “Баштапкы кесиптик уюмдарда маалыматтык иштерди жакшыртуу жана жайылтуу” темасында баштапкы кесиптик уюмдарынын төрагаларынын райондук семинары болуп өттү. Жыйынга Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясынын экономисти Г.Бекбаева жана мектептин кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери катышты.

Иш чара №5 Н.Токторбаев атындагы орто мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен башталып, мектептин профкому Н.Салиева өткөн жылда аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Семинардын жүрүшүндө Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов борбордук  комитеттин президиумунун 22.12.22-жылдагы  токтомдорун  ишке  ашыруу, 2023-жылга карата аткарылуучу иштер жана милдеттерди белгилеп өттү.

Ноокен райондук билим берүү борборунун борборлоштурулган бухгалтериясынын экономисти Г. Бекбаева билим берүү мекемелеринде жүргүзүлгөн тарификация, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 токтому Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө билдирүү жасап, суроолорго жооп берди. Ноокен райондук кесиптик бирлигин инспектору Т.Бакиров “Баштапкы кесиптик уюмдарынын иш кагаздарын иреттүү жүргүзүү”, “Мыкты кесиптик бирлик уюмунун төрагасы-2023” кароо-сынагы жана “Маалыматтык иштерди жакшыртуу жана жайылтуу” боюнча маалымат жасады.

Семинар суроо-жооп, ар түрдүү маселелер жана талкуулоолор менен жыйынтыкталды.

 

 Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин №16 Ж.Турусбеков атындагы орто   мектебинин  профкому А.Мурзакулова