Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Иш кагаздары боюнча семинар

Жалал-Абад областынын Сузак районунун Барпы айыл аймагына караштуу Т.Байзаков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш кагаздарын жүргүзүү” темасында семинар өткөрүлдү.

Семинарга Барпы жана Атабеков айыл аймактарына караштуу мектептердин баштапкы кесиптик бирликтин төрагалары катышышып, Т.Байзаков мектебинин баштапкы кесиптик бирлигинин төрайымы Т. Яркулова өзүнүн иш тажрыйбасы менен кеңири тааныштырды.

Семинардын жүрүшүндө, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин эмгекти коргоо боюнча адиси М.Примкулов  семинардын багыты боюнча кеңири маалымат берди. Семинар баштапкы кесиптик бирликтин иш аракетине байланышкан мастер класстар менен коштолду. Семинардын соңунда, катышуучулар уюштуруу иштерине ыраазы болуу менен каалоо тилектерин айтышты.

    

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сузак райондук комитетинин адиси М.Примкулов