Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы кесиптик бирликтердин семинары

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Панфилов райондук комитети 25-ноябрда К.Жуматаев атындагы орто мектебинде баштапкы кесиптик бирлик уюмдарына “Профактивге жардам” темасында семинар-тренинг өткөрдү. Семинар-тренигде  баштапкы кесиптик бирлик уюмунун уюштуруучулук ишин кандай негизги документтер жөнгө салат, ошондой эле негизги кесиптик бирлик документтери (пландар, иш кагаздарынын номенклатурасы, протоколдор жана кесиптик бирлик органдарынын чечимдери) кандай түзүлөт деген темада талкуу, суроо-жооптор болду. Ошондой эле кесиптик бирликтин негизги максаттары, милдеттери боюнча көйгөйлүү маселелердин чечилишин топторго бөлүнүү менен талкуулашты. Баштапкы уюмдун төрайымдары өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Семинарда К.Жуматаев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик бирликтин төрагасы өзүнүн иш – кагаздары, алардын аткарылышы бо юнча кеңири айтып берди.

 

Маалыматты даярдаган: Панфилов райондук КБКнын төрайымы А.Абдраимова