Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы кесиптик бирлик уюму - кечээ, бүгүн, эртең

14-декабрда Тоң районунун Туура Суу-2 айылындагы Сагынтай атындагы жалпы орто мектебинде райондук баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагаларынын семинары болуп өттү. Семинар "Баштапкы кесиптик бирлик уюму - кечээ, бүгүн, эртең" деген темада болуп, катышуучулар көптөгөн маалыматтарды алуу менен райондогу деңиз деңгээлинен 2400 м бийиктикте жайгашкан мектеп жана анда иштеген кызматкерлер менен таанышып, жакындан пикир алышышты. Райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасына кесиптик бирликке тиешелүү бир катар суроолорду берилип, жоопторду алышты.

Ошону менен бирге Сагынтай атындагы орто мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун жаңы шайланган төрайымы  А.Алышпаевага ийгиликтерди каалап, мурда иштеп келген төрайым Барктабасова Кеңешбүбүгө белектер ыйгарылып, айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы тапшырылды.

Семинар Сагынтай орто мектебинин жамааты тарабынан даярдалган чакан концерт менен коштолуп жыйынтыкталды.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Тоң райондук комитети