Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жаш төрагаларынын семинары болуп өттү

Кара-Булактагы Алмалы капчыгайындагы “Муз-Булак” коругунда  Билим берүү уюмдарынын жаш кесиптик бирлик лидерлеринин арасында кесиптик бирлик кыймылын активдештирүү жана жаш кесиптик бирлик   лидерлеринин компетенттүүлүгүн арттыруу максатында баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жаш  төрагаларынын семинары болуп өттү.

        Семинарга  кесиптик бирлик  уюмдарынын  жаш төрагалары келип катышышты.

Семинардын I бөлүгүндө Баткен райондук профсоюз комитетинин төрагасы  Т.Жумаев “Кесиптик бирлик уюму – кызматкердин эмгегин, укугун жана кызыкчылыктарын коргоочу коомдук уюм”, Баткен райондук профсоюз комитетинин эмгекти коргоо боюнча А.Масалиев   “Кесиптик бирлик уюмунун мүчөлөрү, алардын укуктары жана милдеттери” деген темаларда баяндамаларды жасады.Андан кийин райондук комитеттин жетектөөчү адиси Б.Абдыразакова Жаш БКБУ төрагаларынын райондук жаш кесиптик бирлик  лидерлеринин кеңеши жөнүндө жобосу менен тааныштырды.

 

Семинардын экинчи бөлүгүндө катышуучулар үчүн “Кесиптик бирлик уюму – кызматкердин эмгегин, укугун жана кызыкчылыктарын коргоочу  коомдук уюм” деген темада тегерек стол уюштурулуп, төмөнкүдөй суроолор талкууга коюлду:

  1. БКБУ өз ишмердигинде жумуш берүүчүгө,мамлекеттик органдарга коз карандыбы, аларга отчет береби, алар тарабынан текшерилеби?
  2. БКБУ өз ишмердигин кандай ченемдик-укуктук актылардын негизинде жүргүзөт?
  3. Кеиптик бирлик уюмунда мүчөлөрдүн саны канча болгондо комитет, уюштуруучу шайланат?
  4. БКБУ (кесиптик бирлик комитети,кесиптик бирлик уюштуруучусу) канча жылга чейинки мөөнөткө шайланат?
  5. Административдик кызматты ээлеген адам БКБУ төрагасы боло алабы?
  6. БКБУ нун  жогорку органы болуп эмне эсептелет?
  7. БКБУ нун чогулушу (конференция) мүчөлөрдүн канчасы жыйынга катышканда мыйзамдуу деп саналат?
  8. БКБУ нун органдары кайсылар?
  9. Кесиптик бирликтин чогулушу (кесиптик бирлик комитети тарабынан) жылына кеминде канча жолу чакырылат? Кесиптик бирликтин конференциясычы?
  10. Кезексиз чогулуш кандай шарттарда чакырылат?
  11. Кесиптик бирлик уюмунун максаттары…
  12. Кесиптик бирлик уюмунун негизги милдеттери...

          Талкуудан кийин семинардын катышуучулары  “Кесиптик бирлик уюмунун мүчөсү катары менин укуктарым жана милдеттерим” деген темада дил баян жазышты. 

         Семинардын аягында катышуучулар өз ойлорун, сунуштарын жана каалоолорун айтышып, К.Абдраимов а.о.м. БКУБУ төрагасы С.Тойчуев катышуучуларга өз өнөрүн тартуулап көңүлдөрүн көтөрдү. Кесиптик бирликтин райондук комитеттин төрагасы Т.Жумаев сөз сүйлөп, семинарды жыйынтыктады.