Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарындагы семинар

2023-жылдын 29-сентябрында Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинде «Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында отчетук, кайра шайлоо чогулуштарды даярдоо жана өткөрүү боюнча» баштапкы кесиптик уюмдарынын төрагаларынын райондук семинары болуп өттү.

Анда Ноокен райКБнын төрагасы К.Нышанов, Ноокен райБББнүн борборлоштурулган бухгалтериясынын экономисти Г.Бекбаева, Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров катышты.

Алгач семинардын катышуучулары №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун кабинети жана иш кагаздары менен таанышышты.

Семинарды Ноокен райКБКнын төрагасы К.Нышанов ачып, 2023-жылда аткарылган иштер жөнүндө айтып, алдыдагы  иштердин планы, багыттар жана милдеттерге токтолду. Андан соң №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы, “Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-сынагында 1-орунду ээлеген А.Мурзакулова 2022-23-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө слайддар аркылуу маалымат берди.

Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров баштапкы кесиптик уюмдарында отчетук, кайра шайлоо чогулуштарды даярдоо жана өткөрүү боюнча презентация жасап, усулдук материалдар менен бөлүштү.

Семинардын жүрүшүндө Ноокен райБББнын борборлоштурулган бухгалтериясынын экономисти Г.Бекбаева билим берүү мекемелеринде жүргүзүлгөн тарификация, эмгек акылардын төлөнүшү боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берди.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети