Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Отчеттук жана кайра шайлоо чогулуштары

Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы президиумунун   №5/3 токтому  менен бекитилген  графиктин негизинде Ноокен районунун билим берүү мекемелеринин баштапкы  кесиптик  уюмдарында  отчеттук  жана  кайра  шайлоо  чогулуштары өткөрүлдү.

Чогулуштардын жүрүшүндө 2022-2023-окуу жылында үч тараптуу, жамааттык келишимдердин негизинде профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө, укуктук таламдарын коргоодо, алардын ден соолугун чыңдоо жана бекемдөө, эмгекти коргоо багытындагы аткарылган иштер жөнүндө баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын, текшерүү комиссияларынын отчеттору берилди.

Жалпысынан 102 баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында отчеттук чогулуштар өткөрүлүп, 13 баштапкы кесиптик уюмдарында жаңы төрага, төрайымдар  шайланды жана 10 баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрайымдары кайра шайланышты.

 

Маалыматтты даярдаган: кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин инспектору Т.Бакиров