Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы кесиптик бирлик бюронун жетекчиси шайланды

      Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору К.Ж.Усеновдун 2023-жылдын 28-декабрындагы №350 буйругу менен, жаңы түзүлгөн ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжи ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.

Колледжде ЖАМУнун кесиптик бирлигинин  бир бүтүн бөлүгү  катары баштапкы кесиптик бюронун жетекчисин шайлоо боюнча  жалпы жыйын болду. Жыйынга ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин президиум мүчөлөрү чакырылып,  президиумдун төрагасы М.Ш.Маткаримова кесиптик бирликтин  ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

  

Чогулуштун күн тартиби боюнча  экономика-юридикалык колледждин баштапкы кесиптик бирлигинин жетекчисин шайлоо маселеси каралып, эки талапкер сунуш кылынды Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен көпчүлүк добушка ээ болгон кесиптик бирлик комитетинин  жетекчиси Айтбү Анарбай кызы бюронун жетекчиси болуп шайланды.

 

Маалыматты  даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин кызматкери Н.Баитова