Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдарга майрамдык маанай тартууланды

         Жалал-Абад   облусунун  Ноокен районунун борбору Масы айылдык эс  алуу  багында      «1-июнь Балдарды  Коргоо  күнү»  майрамына карата  азем 2018-жылдын 1-июну  күнү  өткөрүлүп, ага  райондогу колдого  муктаж  балдар, окуунун  алдынкылары  чакырылды.  

      Аземге   КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустук ыйгарым  укуктуу  өкүлүнүн жетектоочү адиси А.Р.Камбаров, райондун  акими Э.С. Маматаев баш болгон  райондун  жетекчилери, Жалал-Абад обкомунун инспектору А.Айдаров  катышып, балдарды  майрам менен куттукташты.

      Масы  Балдардын  билим борбору  тарбынан  даярдалган концерт тартууланды. Балдарга эс  алуусу  үчүн  атракциондор коюлуп, шарттар  түзүлдү. Майрамдык  иш-чара жогорку  уюшкандыкта өттү.

Материалды даярдаган: Жалал-Абад обкомунун  инспектору-А.Айдаров.