Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Балдардын бактылуу көз ирмемдери»

    2018-жылдын 8-9-январь күндөрү Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу  «Ариет» балдар чыгармачылык борборунда «Балдардын бактылуу көз ирмемдери» аттуу конкурс болуп өттү.

    Бул конкурстун өткөрүүнүн  негизги максаты окуучулардын бош убактыларын, кышкы эс алуу  учурун пайдалуу өткөрүү жана кошумча билим берүү.

     Бүгүнкү күндөгү  мектептердеги  окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн шаардык билим берүү бөлүмү  окуучунун  каникул  учурундагы  убактыларын  максаттуу  пайдалантуу.  Ушул убакытта борбор  бир топ  иш чараларды өткөрүп жатат. Окуучулардын кышкы каникул учурунда  ийримдер арасында «Балдардын бактылуу көз ирмемдери » аттуу спорттук  мелдеш болуп өттү. Ал мелдешке шаарыбыздын мектептеринен айрыкча №1,2,3,14,5,16,19 мектептерден келип окуучулар катышышты  Андан сырткары  ушул эле убакытта  атайын окуучулар  үчүн даярдалган  оюндар өткөрүлдү.  Анда спорттун түрлөрү  боюнча  окуучулар конкурсунун жобосуна ылайык  бардык талаптарды аткарышты.  Акырында  жеӊүүчүлөргө, грамота жана белектер берилди. Балдарга ар кандай спорттук оюндар,  ар кандай мелдештерди өткөрүү аркылуу биз   балдарыбызга  татыктуу тарбия бере алабыз. 

Даярдаган: Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин уюштуруучу адиси: М.Мамасыдыков.