Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын жана мугалимдердин эс алуусу

Быйылкы 2020-2021-окуу жылы аяктагандан кийин Таш-Көмүр шаардык билим берүү жана илим кызматкелеринин балдары жайкы эс алууну чыдамсыздык менен күтүшүп, 28-июлдан тартып 7-августка чейин “Сары-Челек” эс алуу лагерине жолдомо алышып, жайдын аптабында салкын жерде эс алып келишти. Мугалимдердин балдарынын жол акысы жана коопсуздугун сактоо менен биргеликте шаардык кесиптик бирлик комитетинен атайын каражат бөлүнүп берилди.

Балдарды лагердин жетекчилери жана тарбиячылары кучак жайып тосуп алышты. Кыздар жана эркек балдарга өзүнчө бөлмөлөр даярдалган. Балдардын эс алуусуна абдан жакшы шарттар түзүлгөн. Ашкана, ойноочу жай жана бассейн менен жетекчилик тааныштырып чыкты. Абасы таза, салкын, мээримдүү тарбиячылардын мамилелери балдардын эс алуусун мыкты деңгээлде өткөрүштү.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин  уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдиребиз.

Балдардын эс алуусу менен катар Билим жана илим кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык кесиптик бирлик уюмунун мүчөлөрү: Падыша-Ата, Кызыл-Үңкүр, Сары-Челек, Көк-Бел, Арстанбап эс алуу жайларында болушту. Билим берүү кызматкерлери уюштуруу комитетине, областтык, шаардык кесиптик бирлик комитетинин башчыларына ыраазычылык билдиришти. Эс алуу өтө көнүлдүү өтүп, жакшы эмоцияларга бай болду.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын техникалык инспектору А.Айдаров